Ссылки доступа

Өзбекстан Германияга Ооганстандагы качкындарды эвакуациялоого жардам берет


Өзбекстан Германиянын тобокелдик тобундагы адамдардын тизмесине кирген ооганстандык качкындар үчүн чек арасын ачууга даяр. Бул тууралуу 30-августта Германиянын тышкы иштер министри Хайко Маас Ташкентте өзбекстандык кесиптеши Абдулазиз Камилов менен жолуккандан кийин билдирди.

Анын айтымында, Германиянын тизмесине Ооганстандан эвакуацияланышы керек болгон дагы 10 миң киши кирген. Алардын арасында Германиянын жарандарынан тышкары кооптуу кырдаалган кабылган жергиликтүү тургундар, укук коргоочулар жана журналисттер бар.

17-августта Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиёев менен Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер телефон аркылуу сүйлөшүп, Ооганстандагы германиялык жарандарды эвакуациялоо боюнча кызматташуу тууралуу макулдашкан.

Германия 2002-жылдын февраль айынан 2015-жылдын октябрына чейин Ооганстандагы операциялары үчүн Өзбекстандын Термез шаарындагы аэропортту колдонуп келген. Алгач немис өкмөтү базанын ижарасы үчүн айына 240 миң евродон төлөп турган. 2011-жылы Германия ижара акысын көбөйтүп, жылына 15 миллион 950 миң евродон төлөй баштаган.

2015-жылдын башында Өзбекстан менен Германия Термездеги базаны пайдалануу тууралуу келишимдин мөөнөтүн узартууну макулдашкан. Бирок 10 айдан кийин немис тарап базанын зарылдыгы жок болуп калганын билдирген.

Ал ортодо Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги өлкө Ооганстандагы талибдердин режиминен качып жаткан адамдар үчүн чек арасын ачууга даяр экени тууралуу маалыматты четке какты.

"Коопсуздукту камсыз кылуу максатында учурда өзбек-ооган чек арасы толук жабык. Жакынкы убакта эки өлкөнүн чек арасындагы "Термез" көзөмөл-өткөрмө бекетин ачуу планы жок", — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

XS
SM
MD
LG