Ссылки доступа

Жаңы-Өзөндө мажбурлап эмдөөгө каршы акция өттү


30-августта Жаңы-Өзөндө бир топ активист менен калаа тургундары коронавирус вакцинасына каршы вакцина саюуга каршылык билдирип, акция өткөрүштү.

Алар "Мажбурлаган вакцинага каршыбыз", "Биздин тандообуз бар" деген ураандар жазылган плакаттарды кармап турушту. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматына активист Улболсун Турдиева кабарлады.

Активисттер Жаңы-Өзөн акимчилигинин маңдайындагы аянтка чогулган. Аталган аянтта 2011-жылы Жаңы-Өзөн окуясы болгон.

Турдиеванын айтымында, атайын бөлүктүн кызматкерлери менен полиция келгенден кийин чогулгандар аянттан тарап, шаардагы көчөлөрдүн биринде жүрүш жасашты.

Жарандык активист Муратбай Жумагалиев эмдөө алууга мажбурлоо туура эмес деп эсептейт:

- Вакцинаны такыр албайбыз деген жокпуз. Бирок мажбурлашпасын, ар ким өз эрки менен сайдырсын, - деди ал.

Акциянын дагы бир катышуучусу вакцина албагандардан ПЧР-тест талап кылынып жатканына нааразы болду:

-Маселен, бала бакча тарбиячысы 70 миң теңге алат, айына 3 ирет тест тапшырса, айлыгынын жартысы кетет. Эмне үчүн тест тапшырууга өкмөт акча төлөп бербейт, биз милдеттүү медициналык төлөмдөрдү төгүп жатабыз го?

Нааразылык акциясына калаа акими Жаңыбай Аймагамбетов келип, акция мыйзамсыз экенин билдирди:

- ПЧР тапшырууга эч ким мажбурлабайт, Эмдөө алуу да ар кимдин каалоосуна жараша. Мыйзамсыз чогулуп турасыздар. Тараңыздар, - деди ал.

Казакстан Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө өлкөдө 5,3 миллион киши коронавируска каршы вакцинанын эки дозасын тең алды. Дагы 6,6 миллион кишиге биринчи дозасы сайылган. Казакстанда бул үчүн орусиялык “Спутник V” жана казакстандык QazVac вакциналары колдонулуп жатат.

Видео

Видео

Кыргызчаны оңой үйрөткөн мугалим
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:07 0:00
XS
SM
MD
LG