Ссылки доступа

Кыргызстандын эгемен мамлекет болгонуна 30 жыл толду


Кыргызстан мурдагы Советтер Союзунун курамынан бөлүнүп, көз карандысыздыгын жарыялаганына бүгүн, 31-августта 30 жыл толду.

Отуз жылдык мааракеге байланыштуу бүгүн борбор калаа - Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда салтанаттуу иш-чара өтөт.
Борбордук Ала-Тоо аянтында көз карандысыздыктын 30 жылдыгына арналып аскер парады, театрлаштырылган оюн-зооктор жана концерттик программа болот.

Эгемендиктин 30 жылдыгы өлкөнүн бардык аймактарында, чет өлкөлөрдөгү элчиликтеринде майрамдалат.

Жогорку Совет 1990-жылдын октябрында өлкө аталышын Кыргыз ССРинен Кыргыз Республикасы деп өзгөртүп, 15-декабрда Эгемендик декларациясы кабыл алынган. 1991-жылдын 31-августунда өлкөнүн Эгемендик күнү жарыялаган.

Бул датага байланыштуу жыл сайын Бишкек шаарында жана аймактарда майрамдык иш-чаралар уюштурулат. Былтыр пандемиядан улам баш калаанын Ала-Тоо аянтындагы майрамдык иш-чара көрүүчүлөрсүз өткөн. Экс-президент Сооронбай Жээнбеков катышкан бир сааттык расмий бөлүк телеканалдарда түз ободо көрсөтүлгөн.

Видео

Видео

Туристтерди капа кылган кыргыз милициясы
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:06:43 0:00
XS
SM
MD
LG