Ссылки доступа

Мирзиёев Ташкент шаары мындан ары ири курулуштан баш тартарын айтты


Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Ташкент шаарында “Жаңы Өзбекстан” паркынын ачылыш аземине катышып жатып, Ташкент облусунда “Жаңы Ташкент” долбоору ишке ашырыларын жарыялады.

“Көпчүлүк “Эмнеге ал Ташкенттен мынчалык алыс?” деген суроону бериши мүмкүн. Биз мындан ары Ташкентте курулуш курбайбыз, биз Ташкентти жашыл аймакка айландырабыз”,– деди Мирзиёев.

Өзбек президенти акыркы жылдары борбор калаада ири курулуш долбоорлору ишке ашып келгенин, бирок мындан ары Ташкентте бул токтотуларын айтты.

“Ар бир кирпичти жарандар менен макулдашабыз. Муну баары билиши керек. Акырындык менен Ташкенттен Ташкент облусун көздөй жылабыз. Биз акырындык менен жаңы Ташкент курабыз. Бирок ал абасы таза жаңы жерде орун алат. Биз чоң долбоордун үстүнөн көптөн бери иштеп, кишилерди окутуп жатабыз”, – деп белгиледи Мирзиёев.

Соңку жылдары Ташкентте курулуш активдүү жүргөн. Белгилүү “Ташкент-Сити” долбоору 2019-жылдын аягында аяктаган.

XS
SM
MD
LG