Ссылки доступа

Өлкөдө шайлоого катышуу үчүн жети партия билдирме жөнөттү


Парламенттик шайлоого катышуу үчүн 31-августка карата жети партия билдирме жиберди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, шайлоого катышуу үчүн билдирмени "Социал-демократтар", "Улуттар биримдиги", "Ишеним", "Альянс", "Кыргызстандын жашылдар партиясы", "Жаратман эл", "Кыргызстан биримдиги патриоттук партиясы" берген.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Шайлоого катышчу партиялар 3-сентябрга чейин Боршайкомго билдирме жибериш керек. Бир мандаттуу округдардан талапкер болчу жарандар 14-октябрга чейин арыз тапшырышы зарыл.

Бул жолку парламенттик шайлоо пропорционалдык (54) жана мажоритардык (36) система менен өтөт. Шайлоочулар партиянын тизмесиндеги талапкер үчүн дагы добуш бере алат.

XS
SM
MD
LG