Ссылки доступа

Токаев минималдык айлык акы өлчөмүн 40% жогорулатуу керектигин билдирди


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдөгү минималдык айлык акы өлчөмүн карап чыгууга мезгил келип жеткенин билдирди.

1-сентябрда парламентте сөз сүйлөгөн мамлекет башчы кийинки жылдын январынан тартып минималдык айлык акыны азыркы 42 500 теңгеден (100 долларга жакын) 60 миң теңгеге чейин жогорулатуу боюнча тапшырма берерин айтты.

"Минималдык айлык акы өлчөмү 2018-жылдан бери жогорулай элек. Бул көрсөткүч боюнча Казакстан КМШдагы бир катар өлкөлөрдөн артта калууда. Дүйнөлүк каатчылык калктын кирешесине басымды көбөйттү", — деди Токаев.

Президенттин айтымында, бул жолку минималдык айлык акы өлчөмүн жогорулатуу Казакстанда "миллиондон ашык кишиге, кыйыр түрүндө иштеп жаткан бардык адамдарга" таасир этет жана ички керектөөнүн өсүшү менен жакшы экономикалык натыйжа берет.

2021-жылы Казакстанда акыркы төрт жылдан берки инфляциянын рекорддук өсүүсү болду: июлдун жыйынтыгы боюнча жарыяланган расмий маалыматтарга ылайык, жылдык инфляция 8,4 % түздү. Биринчи керектөөдөгү товарлардын баалары өсүп жаткан чакта түрдүү компаниялардын жумушчулары айлык акыны жогорулатууну жана эмгек шарттарын жакшыртууну талап кылып иш таштап жатышат. Алардын айрымдарынын талаптары аткарылууда.

Улуттук статистика бюросунун маалыматы боюнча 2021-жылдын экинчи кварталында Казакстандагы бир жумушчунун номиналдуу бир айлык орточо маянасы 251 508 теңгени (590 доллар) түздү.

Дүйнөлүк банк быйыл коронавирус каатчылыгынан улам Казакстанда жакырлардын саны 800 миң кишиге көбөйөт деп божомолдогон.

XS
SM
MD
LG