Ссылки доступа

"Кумтөр": "Центерра" абалды чыңалтып, дүрбөлөң салууга аракет кылууда


“Кумтөр” ишканасы канадалык “Центерра” компаниясы кен боюнча абалды чыңалтып, деструктивдүү дүрбөлөң салууга аракет кылып жатат деп эсептейт.

Ишкана 1-сентябрда “Центерра” тараткан билдирүүгө жооп кайтарып, ал “мыйзам алдында алсыз болгондуктан кендеги убактылуу башкаруучу топтун беделин түшүрүү үчүн бардык ыкмаларды колдонуп жатат” деп айыптады.

Өз комментарийине “Кумтөр” ишканасы карьердеги суунун деңгээли мурда деле азыркыдай болгонун тастыктайт деген бир нече сүрөт тиркеди.

«Центерра» Кумтөр алтын кениндеги борбордук карьерде топтолгон суунун деңгээли кендин өзүнө жана анда иштеген жумушчуларга «катастрофалык кесепет алып келиши ыктымал» деген кооптонуусун билдирип чыккан. Компания 1-сентябрда тараткан билдирүүдө борбордук карьердеги суу кеминде 40 метр экени, ишкананын 25 жылдык тарыхында эч качан мындай болбогону, маселени тез арада чечүү керектиги айтылган.

«Кумтөрдүн» тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк «Центерранын» бул билдирүүсүн калп деп атап, төмөнкүлөрдү билдирген:

«Бул накта калп. Каалаганын жазып жатышат. «Центерра» өтө көп басылмаларга акча төлөп койгон. Суу каптады дегени эмнеси? Августтун планын аткардык. Паровоздой иштеп жатабыз. Мындай ушак сөздөргө убактымды да короткум келбейт».

Министрлер кабинети парламенттин чечими менен «Кумтөрдү» башкарууну быйыл май айында үч айга өзүнө алган. 17-августта тышкы башкаруунун мөөнөтү узартылды.

Кыргыз тарап быйыл май айында Кумтөрдөгү экологияга келтирилген зыян жана салыкка байланыштуу канадалык компанияга 4,2 миллиард доллардай доо койгон. Аны улай кыргыз өкмөтү 17-майда “Центеррага” таандык “Кумтөр” компаниясына тышкы башкаруу киргизген. Канадалык компания дооматтарды четке кагып, Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко кайрылган.

XS
SM
MD
LG