Ссылки доступа

Тажикстанда 12 жаштагы кызды зордуктоо үчүн соттолгон жарандын туугандары ал күнөөлүү эмес экенин билдирүүдө


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Тажикстанда 12 жаштагы кызды зордуктоо айыбы менен соттолгон жарандын жакындары аны кыйноо аркылуу кылмышты мойнуна алдырышканын билдирүүдө.

3-августта Тажикстандын Жогорку соту 21 жаштагы Мустаким Мустафокуловду 12 жаштагы кызды зордуктоого күнөөлүү деп таап, 12 жылга эркинен ажыраткан. Сот өкүмүндө айыпталуучу быйыл январда мас абалында кызды ижарага алган батирге алып барып, зордуктаганы жазылган.

Сотто айыпталуучу менен кыз ал түндү батирде өткөргөнүн, бирок жыныстык катнашта болбогонун айткан.

Мустафокуловдун апасы Назокат Саидова уулунун күнөөлүү экенине ишенбей турганын билдирди.

"Саломзода Сулаймони аттуу тергөөчү уулумду кыйноо аркылуу кылмышты мойнуна алдырганын билем. Ал милиция кызматкерлерине уулумду сабоого буйрук берген. Анын денеси көгала болгон. Ал кыйноого чыдабай, кыз менен жыныстык катнашта болгонун айткан", деди айыпталуучунун апасы.

Тергөөчү Саломзода Сулаймони телефон аркылуу "Озоди" радиосунун кабарчысы менен сүйлөшүп, Мустафокуловдун кыйноого алынганын төгүндөгөн да, ырастаган да эмес.

"Бул иш боюнча соттун өкүмү чыккан. Саламатта болуңуз!", деп телефонун өчүрүп койгон.

Ал ортодо айыпталуучунун адвокаты Абдукарим Абдухамидов республикалык соттук-медициналык экспертиза кыздын зордукталбаганын ырастаган билдирүүдө.

"Демек зордуктоо айыбы негизсиз. Мындан тышкары сотто кызга карата зомбулук көрсөтүлгөнү далилденген эмес, кыздын саламаттыгы жакшы, балага карата эч кандай дооматы жок", деди адвокат.

Кыздын жакын туугандарынын бири алардын соттолуучуга карата эч кандай дооматтары жок экенин билдирди. "Сурак берип жатканда кыз коркуп калгандыктан, зордукталганын айткан", деди ал.

Адвокат Жогорку соттун коллегиясына кассациялык арыз жазып, кылмыш ишин кайра карап чыгууну талап кылды. Айыпталуучунун үй-бүлөсү президенттин, парламент төрагасынын жана башкы прокурордун атына кат жазып, иштин калыс каралышына көмөктөшүүнү өтүнүштү.

XS
SM
MD
LG