1-сентябрда Душанбедеги мектептердин биринин ачылышына катышкан мамлекет башчы Билим берүү министрлиги өкмөткө өз сунушун берип, бул тармактагы нормативдик-укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча тиешелүү чараларды көрүшү керектигин белгиледи.
Быйыл июнь айында Душанбедеги окуучулардын ата-энелери калаа башчысы Рустами Эмомалиге кат жолдоп, ысыкта окуучуларга июндун ортосуна чейин окуу оор болуп жатканына даттанышкан.
Андан соң Тажикстандын Билим берүү министрлиги 1-класстын окуучулары жайкы каникулга 3-июнда, 2-11-класстагылар 7-июнда тарай турганын билдирген.
2013-жылга чейин Тажикстанда окуу жылы совет мезгилиндегидей 25-майда аяктап, ошол эле күнү мектептерде акыркы коңгуроо кагылчу. Бирок кийин окуу жылы 7-июнга чейин узартылып, акыркы жылдары 14-июнда аяктап калган.