Ссылки доступа

Түркмөнстанда алимент боюнча карызы бар жарандар пахта талааларына мажбурлап жөнөтүлүүдө


Түркмөнстан (иллюстрациялык сүрөт)
Түркмөнстан (иллюстрациялык сүрөт)

Түркмөнстандын Лебап облусунда алимент боюнча карызы бар жарандар мажбурлап пахта талааларына жөнөтүлүүдө. Бул тууралуу "Азаттыктын" түркмөн кызматынын аймактагы кабарчысы билдирди.

Анын айтымында, облустагы Фарап районунда эле алимент төлөбөй жүргөн жүздөгөн жаран пахта теримге жөнөтүлдү. Аларды талаага жеткирүүгө жана иштетүүгө полиция кызматкерлери көзөмөл кылууда.

Аймактын бийлиги бул иштер "натыйжалуу пахта терүү" максатында жасалып жатканын билдирүүдө. Жергиликтүү тургундар болсо бийлик "мажбурлап иштетүүнүн бардык мүмкүн болгон жолдорун колдонууга аракет кылып жатканын" айтышууда.

Бейрасмий маалыматтар боюнча Түркмөнстанда алимент төлөөгө милдеттүү он миңдеген адам бар. Алардын көбү жумушсуз.

Кабарчы Лебап облустук сотундагы өз булактарына таянып, акыркы үч жылда сотко кайрылгандардын көбү ажырашууга жана алиментке байланышкан маселелер боюнча арыз жазышканын белгиледи.

Талдоочулардын пикиринде, Түркмөнстанда уланып жаткан экономикалык жана социалдык каатчылыктан улам өлкөдө үй-бүлөсүн бага албаган жарандар жана ажырашуулар көбөйүүдө.

XS
SM
MD
LG