Ссылки доступа

Village Kazakhstan басылмасы зордукталган бала тууралуу макаладан кийин кысым болуп жатканын кабарлады


Village Kazakhstan басылмасы мындан үч жыл мурун коомдун назарын бурган Түркстан облусунун Абай айлында зордукталган жети жашар бала тууралуу репортаждан кийин журналисттерди коркутуп-үркүтүү аракеттери жасалып жатканын кабарлады.

"Дал ушул кезде түрдү ведомство атынан белгисиз кишилер байланышка чыгышып, макаланы алып таштагыла деген талап коюп жатышат. Көз карандысыз журналисттерге кысым токтотулсун. Макаланы албайбыз. Бул кишилер журналисттердин оозун тыйганча, өлкөдөгү проблемаларды чечишси", — деп жазды Village Kazakhstan басылмасы.

“Абайдагы бала: Зордук көргөндөрдүн баштан кечиргендери. Үч жылдан кийин” деп аталган макала Village Kazakhstan сайтына 1-сентябрда чыккан. Басылманын журналисти зордук көргөн баланын үй-бүлөсү менен аңгемелешкен. Баланын чоң апасы бул окуя боюнча иликтөө жүргүзүү талабы менен полицияга кайрылганын, бирок майнап чыкпаганын айтып берген.

Абай айлында бала зордукталганы тууралуу кабар 2018-жылы март айында чыккан. 60 жаштагы аял небереси 2017-жылдан бери бир нече жолу зордукталганын, бул тууралуу арызын жергиликтүү полиция үчүнчү ирет гана зорго кабыл алып, бирок эч кандай иш козгобогонун айткан.

Бул окуя соцтармактарда чоң резонанс жаратып, жергиликтүү жооптуу кызматкерлер кызматынан бошотулган (кийин алардын жумуштан убактылуу четтетилгени белгилүү болду).

2018-жылы августта Башкы прокуратура бул иш боюнча тергөө аяктаганын кабарлаган. Шектүү төрт адамдын үчөө 14 жашка толбогондугуна байланыштуу аларга карата кылмыш иши токтотулган. Төртүнчүсү жети жылга эркиндигинен ажыратылган.

XS
SM
MD
LG