Ссылки доступа

Өзбекстанда президенттикке талапкер Алишер Кадыров Жириновскийди сындады


Өзбекстан Олий Мажлисинин мыйзам чыгаруу палатасынын вице-спикери, «Миллий тикланиш» партиясынын төрагасы Алишер Кадыров Орусия Мамдумасынын депутаты, Либералдык-демократиялык партиясынын лидери Владимир Жириновскийди “үрөөнөк итке” теңеди.

Уинстон Черчилль: «... эгер үргөн иттердин баарына таш ыргытып отурса, мерчемделген жерге жетүү кыйын болот» деп, ал ушул Жириновский сыяктуу адамдарды айтса керек. Мен Черчиллдин акылман кеңешин угуп, бул адамдын сөздөрүнө көңүл бөлбөй эле коюу керек деп ойлойм», - деп жазды Кадыров.

Өзбек депутатынын айтымында, Жириновскийдин сөздөрү расмий позицияны билдирбесе да, Орусиянын эл аралык репутациясына зыянын тийгизүүдө.

«Экинчиден, азыркы Орусияны башка аймактардын аннексиясы эмес, Орус имперсиясынын кулашы көбүрөк тынчсыздандырат. Ошондуктан орусиялык аткаминерлер Жириновскийдин айткандарына өздөрү биринчи реакция кылышы керек. », - деди Кадыров.

Өзбек депутаты жакында орусиялык расмий жактар Борбор Азияда жергиликтүү орустарга сый мамиле жасабаганы үчүн айрым субъектилерге санкция киргизгенин эске салды. Кадыров Орусия биринчи кезекте башка улуттарды сыйлабаган өзүнүн расмий кишилерине каршы чыгышы керектигин, болбосо бул эки жүздүүлүк болуп каларын белгиледи.

«Миллий тикланиш» партиясынын төрагасы Алишер Кадыров октябрда өтө турган президенттик шайлоого катышуу үчүн талапкер болуп бекитилген.

XS
SM
MD
LG