Буга чейин бир катар оогандыктар талибдердин өч алуусунан коруп, Тажикстандан башпаанек сурап, Амударыянын жээгинде жашынып турушканы кабарланган.
Тажикстан ИИМинин билдирүүсүндө ооган качкындары кайсы жерде экени так айтылган эмес. Ачык маалыматтарга ылайык, “бейтарап зоналар” негизинен Тажикстандын Хатлон облусу менен чектеш Ооганстандын Тахор, Кундуз жана Балх провинцияларында жайгашкан.
Тажикстандын ИИМ башчысы Рамазон Рахимзода 1-сентябрда БУУнун Качкындар иштери боюнча башкармалыгынын башкы комиссары Мулугета Зевди менен жолуккан. Тажик тарап качкындар менен кошо террордук уюм мүчөлөрү өлкөгө кирип кетпеши үчүн тыкыр текшерүү жүргүзүп жатканын маалымдады.
Тажикстан Жайхун, Шаартуз, Фархор, Ш. Шохин райондорунда жана Тоолуу-Бадахшан автономдуу облусунда ооганстандык качкындарга лагерь куруу үчүн 70 гектер жер бөлгөн.
Тажикстандын ички иштер министринин айтымында, талибдер Ооганстанды басып алганда беш миңдей ооган аскер кызматкери убактылуу Тажикстандын аймагына жайгаштырылган, кийинчерээк алар тынч жол менен үйлөрүнө кайтарылган.
Расмий маалыматтарга караганда, акыркы 15 жылда 3 миңден ашуун үй-бүлө (15 миң киши) Ооганстандан Тажикстанга башпаанек издеп келген.