Ссылки доступа

АКШ Украинага демократияны колдоо үчүн $463 млн берет


АКШ өкмөтү Украинага демократияны колдоо үчүн 463 миллион доллар, муну менен бирге коопсуздук тармагына көмөктөшүү үчүн 60 миллион доллар берет. Бул боюнча АКШ президенти Жо Байден менен Украина президенти Владимир Зеленскийдин сүйлөшүүсүнөн кийин белгилүү болду.

"АКШ 2014-жылдан бери Украинага жардам иретинде 2 миллиард доллар берди жана быйыл дагы 463 миллион доллар бөлөт. Каражат демократияны, адам укуктарын, жергиликтүү бийлик, менчиктештирүү жана сот реформасын өнүктүрүүгө арналган программаларга бөлүнөт", – деп айтылган Украина президентинин сайтында жарыяланган маалыматта.

АКШ Украинанын коопсуздук тармагына, анын ичинде "Жавелин" системаларын жана аскердик техникаларды алууга 60 миллион доллар бөлөт. Маалыматта каражат Украинага Орусия агрессиясынан коргонууга көмөктөшөрү белгиленген.

Муну менен бирге АКШ Украинага коронавирус менен күрөшүүгө көмөк иретинде 12,8 миллион доллар, Донбасстагы жаңжалга байланыштуу 45 миллион доллар гуманитардык жардам берет.

XS
SM
MD
LG