Ссылки доступа

ЕБ ооган качкындарын кабыл алган өлкөлөргө жардам берет


Евробиримдик Ооганстандан качкындарды кабыл алган коңшулаш өлкөлөргө 600 миллион евро бөлүүнү пландоодо. Бул тууралуу Financial Times кабарлады.

Басылманын маалыматына караганда, Брюссель Пакистан, балким, Өзбекстан, Тажикстан, атүгүл эл аралык санкциядагы Иранга да каржылай колдоо көрсөтүшү мүмкүн.

31-августта Европа Биримдигине мүчө 27 өлкөнүн ички иштер министрлери Ооганстандагы кырдаалды талкуулоо үчүн чукул жыйын өткөрүшкөн. Жолугушуунун жыйынтыгы менен көп сандагы качкындарды кабыл алган үчүнчү өлкөлөргө бериле турган жардамдын көлөмүн көбөйтүүгө убада берилген.

Апта башында Өзбекстан ТИМи Ташкент ооган качкындарын кабыл албай турганын жарыялаган.

Ушул тапта өзбек-ооган чек арасы толугу менен жабык.

XS
SM
MD
LG