— Биз айлыгыбызды 300 миң теңгеге көбөйтүүнү, Мунайчылар күнү, Эгемендик күнү, Нооруз майрамында сый акы төлөп берүүнү жана курорттук дарылануу үчүн акча бөлүүнү талап кылып жатабыз. Ушул убакытка чейин аз айлык алып келдик. Бизде тазалык кызматкерлери 80-90 миң теңге, операторлор 130-140 теңге гана алат, - деди Тажигалиев.
Айбек Тажигалиев жумуш оор экенин, мунай куурларын кол менен тазалашарын, андан уулуу газ чыгарын кошумчалады.
Techno Trading LTD компаниясы акыркы жолу маяна апрель айында 15 пайызга көбөйтүлгөнүн, учурда айлык акыны дагы жогорулатуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирди.
- Тапшырык берүүчү "Мангыстаумунайгаз" 2008-жылдан бери тарифти көтөрө элек. Алар тендерде сунуштаган баага макул болобуз, баш тартсак объектисиз калабыз. Бул маселени айтып, 2015-жылдан бери “КазМунайГаз”,“Мангыстаумунайгаз” компанияларына, "Самрук-Казына" фондуна да кат жазып, стратегиялык ишканалардын катарына кошууну сурадык. Жооп жок. Мына, дагы кат жазып, документтерди топтоп, тарифти көтөрүүнү сурап жатабыз, - деди компаниянын өкүлү.
Techno Trading LTD мекемесинде эмгек шартын жакшыртып, маянаны көбөйтүү талабы 2014-жылдан бери жаңырып келет.