Ссылки доступа

Футбол: Кыргызстан Палестинаны 1:0 эсебинде жеңди (видео)


 2-сентябрда Бишкекте башталган "Үч улуттун кубогу" мелдешинде Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Палестина курамасын 1:0 эсебинде жеңип алды.

Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болгон оюндагы жалгыз голду 25-мүнөттө Азим Азаров киргизди.

Эл аралык футбол мелдеши 7-сентябрда аяктайт. Турнирге Бангладештин, Кыргызстандын жана Палестинанын футбол боюнча улуттук командалары катышууда. 5-сентябрда Палестина менен Бангладеш, 7-сентябрда Кыргызстан менен Бангладеш командалары ойнойт.

Оюндар саат 20:30да башталат. Беттештерди Кыргыз Спорт ТВ Ютуб каналы, Elevensports.com жана КТРК Спорт каналдары түз эфирде көрсөтөт.

XS
SM
MD
LG