Ссылки доступа

Ферганада активисттер Мирзиёевдин талапкерлиги үчүн ашыкча кол топтоого мажбурланууда


Өзбекстандын либералдык-демократиялык партиясынын Фергана облусундагы активисттери президент Шавкат Мирзиёевдин талапкерлиги үчүн ашыкча кол топтоого мажбурланып жатканына даттанышты.

"Кол топтоо менен алектенип жаткан партиянын облустук кеңешинин төрага орун басары Халимжон Рахмонов активисттерди кыйнап жатат. Ал бир эле калем менен же бир эле кишинин колу менен толтурулган бланктарды жаратпай коюуда. Мисалы, бир кол менен толтурулуп, бирок ар бир адам өзү кол койгон 30 бланкты кайра артка кайтарышты. Бир сөз менен айтканда, кол топтоо биз үчүн тозокко айланды", – деп жазылган активисттердин "Озоди" радиосуна жөнөткөн катында.

Партиянын Ферганадагы аты-жөнүн айткысы келбеген дагы бир активисти Рахмонов аларды Шавкат Мирзиёевдин талапкерлиги үчүн ашыкча кол топтоого мажбурлап жатканын билдирди.

– Партиянын Фергана облусундагы бөлүмү 30 миң кол топтошу керек. Бирок төраганын орун басары "Ташкенттеги жетекчилердин алдында өзүбүзбү жакшы жактан көрсөтөлү деп", кошумча дагы миң кол топтошубуз керектигин айтууда, – деди активист.

Августтун башында Өзбекстандын либералдык-демократиялык партиясы октябрда өтө турган президенттик шайлоого өлкөнүн учурдагы башчысы Шавкат Мирзиёевдин талапкерлигин көрсөткөн.

31-августта Өзбекстандын 30 жылдыгына карата өткөн иш-чарада Мирзиёев "алдыдагы президенттик шайлоо жогорку демократиялык критерийлердин негизинде өтө турганын" айткан.

Бирок жергиликтүү талдоочулардын пикиринде, кезектеги президенттик шайлоо адаттагыдай эле саясий атаандаштыксыз өтөт. Өкмөт буга чейин өз партияларын каттоого тургузуп, президенттик шайлоого катышууга ниеттенген оппозициялык активисттерге түрдүү тоскоолдуктарды кылып келген.

XS
SM
MD
LG