Жумушчулардын айтымында, акыркы жолу алардын айлыгы 2014-жылы жогорулатылган.
"Азыр 48 миң теңгеден (110 доллар) алабыз. Маянаны 100 миң теңгеге чейин жогорулатып берүүнү талап кылып жатабыз", — деди Акылжан Кылбаев аттуу жумушчу.
Топтолгондордун айтымында, алар бир ай мурда ишкана жетекчилигине айлыктарды жогорулатуу өтүнүчү менен кат жазышкан. Бирок жооп болгон эмес.
"Аралтуз" компаниясы – Казакстандагы туз өндүрүү жана кайра иштетүү тармагындагы ири ишканалардын бири болуп эсептелет. Компаниянын маалыматына ылайык, 1200дөн ашык киши иштеген ишкана жылына 450 миң тоннага жакын туз өндүрөт. Анын 75% Кыргызстанга, Орусияга, Өзбекстанга жана Украинага экспорттолот.