"Кытай биздин негизги өнөктөшүбүз жана Ооганстанды калыбына келтирүү үчүн инвестиция салууга даяр. Биз "Бир кур-бир жол" демилгесин колдойбуз. Бизде Кытай иштетүүсү мүмкүн болгон жез кендери бар. Кытай бизди дүйнөлүк базарга алып чыгат", - деди Мужахид.
2-сентябрда "Талибандын" дагы бир өкүлү Кытай Ооганстандын элчилигин жаппай, "мамилени бекемдөөгө жана гуманитардык жардамды көбөйтүүгө" убада кылганын билдирген.
АКШ менен өнөктөштөрү Ооганстанда талибдер бийликке келгенден кийин бул өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн жабышкан.