Ссылки доступа

Түркмөнстандын президенти коронавирустан улам жабылган Аваз районунун башчысын иштен алды


Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Аваз районунун башчысын кызматтан алды. Буга чейин жергиликтүү бийлик райондогу "Аваз" туристтик зонада эс алып жүргөн жарандарды кетирип, аймакты карантинге жапкан.

Расмий түрдө район башчысы менен "Аваз" туристтик зонасынын жетекчиси эмне себептен иштен алынганы айтылган жок. Бирок "Азаттыктын" түркмөн кызматы мындай чечим августтун аягында жергиликтүү бийлик "Авазда" эс алып жүргөн жарандарды "эч түшүндүрбөстөн эле туристтик аймактан чыгарып жибергенден" кийин кабыл алынганын кабарлады.

"Аларды чыгарып гана койбостон, үйлөрүнө кетүүгө транспорт да уюштуруп беришкен жок. Мындан тышкары мейканалар үчүн төлөнгөн акчалары да кайтарылган жок", – деп билдирди аймактагы булактардын бири.

Анын айтымында, туристтерди аймактан чыгарууга алардын төртөөнөн коронавирустун "дельта" штаммы аныкталганы себеп болгон.

Күтүүсүздөн мейманканалардан чыгарылган эс алуучулардын так саны белгисиз. Бирок учурда өлкөдө аба жана темир жол каттамдары толук калыбына келе элек болгондуктан, туристтердин көбү дароо өздөрү жашаган аймактарга кете алышкан эмес.

Журналисттер бул боюнча комментарий алуу үчүн расмий бийлик өкүлдөрү жана туристтик зонанын жетекчилиги менен байланыша алган эмес.

"Аваз" туристтик аймагында эс алып жүргөн жарандар күтүүсүздөн мейманканалардан чыгарылганын "Түркмөнстан хроникасы" басылмасы кабарлаган.

"27-августта мейманканын жумушчулары менен полиция кызматкерлери туристтер кечки саат алтыга чейин чыгып кетиши керек экенин айтышты. Ошол күндөн баштап "Авазга" мейманкана жумушчулары да киргизилбей жатат", – деп жазган басылма.

Видео

Видео

Кыргызчаны оңой үйрөткөн мугалим
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:07 0:00
XS
SM
MD
LG