Мекеменин маалыматына караганда, Ташкент аэропортуна түшүрүлгөн жүктүн жалпы баасы 20,6 миллион еврого бааланууда.
"Изилдөөлөргө ылайык, бул препарат ооруканага жаткан бейтаптардын жана коронавирустан өлгөндөрдүн санын 70% азайткан. Мындан тышкары оорунун белгилеринин узактыгын 14 күндөн 10 күнгө чейин кыскарткан", - деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.
Швейцариянын Roche фармацевтикалык компаниясы иштеп чыккан препарат COVID-19га каршы жасалма "антитела" болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө ал вирустун жаңы штаммдарына туруштук бере турган жалгыз дары катары колдонулууда.