Жумушчулардын айтымында, акыркы жолу айлыктары 2014-жылы жогорулатылган. Бүгүнкү күндө алар экологиялык кырсык болгон аймакта иштегени үчүн төлөнө турган кошумча төлөмдү эске алганда, болжол менен 185 доллардан алышат.
4-сентябрда заводдун жетекчилиги жумушчулар менен жолугуп, өз сунуштарын айткан. Бирок чогулгандар ага макул болгон эмес.
- 1-сентябрдан тартып айлыкты 12,5%, 1-январда дагы 10% жогорулатабыз. Жыл соңуна чейин төрт ай калды. Эгер бул аралыкта белгиленген план аткарылса, ар бир жумушчуга сыйакы катары 42 500 теңгеден төлөнөт, – деген "Аралтуз" компаниясынын вице-президенти Галымжан Сержанов.
Бирок чогулган жумушчулар бул сунушка макул болушкан жок.
- Биз буга макул болбойбуз. Иш таштоо биздин талаптар толук аткарылмайынча уланат, – деди аты-жөнүн айткысы келбеген жумушчулардын бири.
"Аралтуз" компаниясы – Казакстандагы туз өндүрүү жана кайра иштетүү тармагындагы ири ишканалардын бири болуп эсептелет. Компаниянын маалыматына ылайык, 1200дөн ашык киши иштеген ишкана жылына 450 миң тоннага жакын туз өндүрөт. Анын 75% Кыргызстанга, Орусияга, Өзбекстанга жана Украинага экспорттолот.