Ссылки доступа

Тажик парламенти "Мунапыс жөнүндө" мыйзамды кабыл алды


Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасы 6-сентябрда өлкө президенти сунуштаган "Мунапыс жөнүндө" мыйзамды кабыл алды.

Өлкөнүн башкы прокурорунун орун басары Дилшод Талбакзода мыйзам долбоорун тааныштырып жатып, мунапыска 16 миң киши илинерин, алардын 10 700дөйү кылмыш жоокерчилигинен толук бошотуларын кабарлады.

Оор кылмыш жасагандарга жана мурда мунапыс менен жазадан бошотулуп, бирок кийин кайра кылмышка баргандарга ырайым берилбейт.

"Мунапыс жөнүндө" мыйзамга ылайык, байкабай кылмыш жасагандар, өкүмдү аткаруу мөөнөтү жылдырылгандар, жатак абакта жазасын өтөгөндөр, шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыккандар, административдик жаза алгандар, экономикалык мүнөздөгү кылмыш үчүн соттолуп, материалдык чыгымды толук төлөгөндөр кылмыш жоокерчилигинен толугу менен бошотулат.

Ырайым берүүдө аялдарга, жашы жете электерге, 55 жаштан ашкандарга, майыптарга, оорусу күчөп кеткендерге, мамлекеттик сыйлыктары барларга, согуштардын катышуучуларына жана чет өлкөлүк жарандарга артыкчылык берилет.

Тажикстанда "Мунапыс жөнүндө" акыркы мыйзам 2019-жылы өлкө Конституциясынын 25 жылдыгына карата кабыл алынып, абактагы 7 миң киши эркиндикке чыгарылган. Бирок бийликке оппозиция болгон кишилер улгайып, саламаттыгы начарлап калса да Рахмондун ырайымына алынган эмес.

XS
SM
MD
LG