Ссылки доступа

Өзбек-ооган соода мамилелери жакынкы убакта калыбына келиши мүмкүн


1-сентябрда Ооганстандан Өзбекстанга коммерциялык жүк менен эки поезд келди. Бул тууралуу өзбек басылмалары Ооганстандын Соода-өнөр жай палатасына шилтеме кылып кабарлашты.

Бул Ооганстанда бийликке "Талибан" радикал кыймылы келгенден кийинки Өзбекстанга жеткирилген алгачкы коммерциялык жүк. Азырынча өлкөгө кандай жүк келгени так айтыла элек.

Мурда Ооганстанды туруксуздуктун булагы деп эсептеп келген Өзбекстан бийликке Шавкат Мирзиёев келгенден кийин түштүк коңшусу менен ири логистикалык долбоорлорду, анын ичинде темир жол курулушун ишке ашыра баштаган.

Жакында жаңы өкмөттүн курамын жарыялоону пландап жаткан "Талибан" кыймылы Ооганстанга чейин темир жол курууга жана электр линияларын тартууга Өзбекстанга көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.

Pajhwok агенттиги Ооганстандын Соода-өнөр жай палатасына шилтеме кылып, учурда эки өлкө ортосунда сооданы калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кабарлады.

Маалыматка караганда, Соода-өнөр жай палатасынын жетекчилиги "Талибандын" өкүлдөрү менен жолугуп, соода тармагындагы азыркы абалды талкуулаган. Анын жыйынтыгында талибдер жакынкы убакта бул маселелер боюнча тиешелүү чечимдерди иштеп чыгууну убадалаган.

"Талибан" кыймылы азырынча Ооганстандын келечектеги саясий түзүлүшүнүн модели тууралуу акыркы чечимин жарыя кыла элек.

Акыркы окуяларга карабастан, Өзбекстан Ооганстанга электр энергиясын саткан эң ири коңшусу бойдон калууда.

24-августта Өзбекстандын Энергетика министрлиги өлкө Ооганстанга кадимки режимде эле электр энергиясын жеткирип жатканын кабарлаган.

2019-жылы декабрда "Өзбекстандын улуттук электр тармактары" ишканасы Da Afghanistan Breshna Sherkat деп аталган ооган компаниясына алдын ала төлөмдүн негизинде жылына 6 миллиард киловатт-саат электр энергиясын 10 жыл бою жеткирүү боюнча келишимге кол койгон.

XS
SM
MD
LG