Ссылки доступа

"Талибан": БУУ Ооганстанга гуманитардык жардам берүүнү улантат


БУУнун башкы катчысынын гуманитардык маселелер боюнча орун басары Мартин Гриффитс дүйнөлүк уюм Ооганстанга гуманитардык жардам берүүнү улантарын билдирди.

"Талибан" кыймылы маалымдагандай, убаданы Гриффит 5-сентябрда Кабулда уюмдун саясий канатынын лидери Абдул Гани Барадар менен жолугушуу учурунда берген.

Гриффитс донор өлкөлөрдүн жолугушуусунда да аларды жардам берүүгө үндөй турганын белгилеген.

Талибдер БУУнун делагациясын кызматташууга кызыкдар экенине ынандырууда.

Ооганстанда бийлик алмашкандан бери чет өлкөлөр жардам берүүнү токтотуп, өлкө каатчылыкка кептелүү алдында турат. Саясий туруксуздук менен кошо аймакта өкүм сүрүп жаткан кургакчылык кырдаалды ого бетер курчутуп жиберди.

Калктын муктаждыктарына баа берүү үчүн Ооганстанга Кызыл Чырым Эл аралык уюмунун башчысы Петер Маурер да келген. Ал медициналык мекемелерди, реабилитациялык борборлорду кыдырып, уюмдун персоналы менен жолугушары күтүлүүдө.

Видео

Видео

Кыргызчаны оңой үйрөткөн мугалим
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:07 0:00
XS
SM
MD
LG