Ссылки доступа

"Аэрофлот" эмдөөдөн баш тарткан учкучтарын жумуштан четтетти


"Аэрофлот" COVID-19га каршы эмдөө алуудан баш тарткан алты учкучун жумуштан четтетип, маянасыз өргүүгө жөнөттү. Бул тууралуу РБКга авиакомпаниянын өкүлү Михаил Демин билдирди. Ал "Аэрофлотто" эки миңден ашуун учкуч бар экенин белгиледи.

6-сентябрда Шереметьев учкучтар курамынын кесиптик кошууну "Аэрофлот" эмделбеген учкучтарды жумуштан четтетип жатканын, бирок "иш берүүчүнү мындай чара колдонууга эч ким милдеттендирбегенин" билдирди. Кесиптик кошуундун башчысы Игорь Дельдюжов уюмга ондой учкуч кайрылганын, алардын арасында аба кемесинин командирлери менен катар экинчи учкучтар да бар экенин билдирген. Учкучтарды жумуштан 16-августтан баштап четтете башташкан.

Дельдюжов "Аэрофлоттун" башкы директору Михаил Полубояриновго жазган катында авиакомпания кызматкерлеринин 84 пайызы эмдөөдөн өткөнүн, талап кылынган чек 60 пайыз экенин белгилеген.

Вакцинация строгого режима. Можно ли принуждать к прививкам?
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:53:56 0:00

Августтун аягында Шереметьев учкучтар курамынын кесиптик кошууну "Аэрофлот" жетекчилигине кайрылып, эмгек шарты менен маянага нааразы учкучтар башка авиакомпанияларга кетип жатышканын, бул тажырыйбалуу кызматкерлердин тартыштыгына алып келерин эскерткен.

31-августта "Аэрофлот" борт коштоочулардын айлыгы 100-150 миңге чейин көбөйтүлөрүн, учкучтардын маянасы баскыч-баскыч менен жогорулай турганын жарыялаган.

Видео

Видео

Спорт жана үй-бүлө: Изабековдордун жашоо философиясы
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:33:03 0:00
XS
SM
MD
LG