Ссылки доступа

Душанбедеги ооган элчиси вице-президент Амрулла Салех Тажикстанга качпаганын билдирди


Ооганстандын биринчи вице-президенти Амрулла Салех

Ооганстандын Душанбедеги элчилиги өлкөнүн вице-президенти Амрулла Салех Панжшерден Тажикстанга качып келгени тууралуу маалыматтарды четке какты.

Элчи Мухаммад Захир Агбардын айтымында, Салех учурда Панжшердеги өзүнүн базасында.

"Салех мырза Тажикстанда эмес. Маалымат каражаттарындагы билдирүүлөрдүн баары жалган. Ал согуштук аракеттер жүрүп жаткан жерден эч жакка кеткен эмес. Азыр Панжшер капчыгайындагы базасында каршылык көрсөтүү күчтөрүнүн жоокерлери менен чогуу жүрөт", — деди элчи.

Буга чейин бир катар дүйнөлүк ЖМКлар, анын ичинде Al-Jazeera телеканалы 5-сентябрда талибдер менен каршылык көрсөтүү күчтөрүнүн ортосунда айыгышкан салгылашуу башталгандан кийин Ооганстандын вице-президенти Амрулла Салех Панжшерден Тажикстанга чыгып кеткенин кабарлаган.

"Талибан" кыймылынын басма сөз катчысы Забехулла Мужахид да 6-сентябрда Кабулда өткөн басма сөз жыйынында Салех коңшу өлкөгө качып кеткенин билдирген.

Талибдер Кабул шаарын өз көзөмөлүнө алып, президент Ашраф Гани Ооганстандан чыгып кеткенден кийин өлкөнүн биринчи вице-президенти Амрулла Салех өзүн убактылуу мамлекет башчы деп жарыялаган. Бул тууралуу ал Ооганстандын баш мыйзамындагы нормаларга таянып “Твиттер” социалдык түйүнүндөгү баракчасына жазган.

Анда Салех Ооганстандын жарандарын "Талибандын" жоочуларына каршылык көрсөтүү кыймылына кошулууга чакырган.

Амрулла Салех талибдердин элдешкис каршылаштарынын бири болуп эсептелет. Ал буга чейин бир канча жолу Пакистандын бийлигине кескин сын айтып, Исламабадды Ооганстандын ички ишине кийлигишүүгө айыптаган. Салехтин өмүрүнө көптөгөн жолу кол салуулар болгон: алардын акыркысы 2020-жылы сентябрда катталган.

Видео

Видео

Туристтерди капа кылган кыргыз милициясы
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:06:43 0:00
XS
SM
MD
LG