Ссылки доступа

Нур-Султанда өкмөткө каршы акцияга чыккан адамдар кармалды (видео)


7-сентябрда Казакстандын баш калаасы Нур-Султан шаарында полиция өкмөткө каршы акцияга чыккан ондогон адамды кармап кетти.

Алгач укук коргоо кызматкерлери чогулгандарды "Байтерек" монументине жакын жолотпой, Нурлы Жол гүлбагынын жанында курчоого алган. Буга чейин "Эл тиреги" партиясын түзүү боюнча демилгелүү топ аталган монументтин алдында "мажбурлап эмдөөгө каршы митинг" өтө турганын жарыялаган.

Акция катышуучулары: "Өкмөт отставкага кетсин!", "АЭС курулбасын" жана "Мажбурлап эмдөөгө каршыбыз" деп кыйкырышты. Болжол менен 20 мүнөттөн кийин полиция кызматкерлери чогулгандарды кармай баштады. Окуя болгон жерде жүргөн "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысы болжол менен 25 киши кармалганын билдирди.

Бийликтеги "Нур Отан" партиясынын мурдагы мүчөсү, "Эл тиреги" партиясын түзүү боюнча демилгечи топтун лидери Нуржан Алтаевдин айтымында, 6-сентябрда жана 7-сентябрь күнү эртең менен полиция "өлкөнүн түрдүү аймактарынан келген жыйырмага жакын адамды" кармаган.

Ал полиция кызматкерлеринин бул аракетин мыйзамсыз деп эсептейт. Анткени демилгечи топтун өкүлдөрү 7-8-9-сентябрь күндөрү митингдерди өткөрүү планы тууралуу акимчиликке алдын ала маалымат беришкен. "Акимчилик биздин катыбызга жооп берген жок. Мыйзамга ылайык, эгер акимчилик жооп бербесе, анда иш-чарага уруксат берилди деп эсептелинет", — деди Алтаев.

Анын айтымында, 6-сентябрда каттоого алынбаган "Эл тиреги" партиясынын активисти Мурат Мухамеджанов "мыйзамсыз митингге чыгууга чакырык жасаганы үчүн" 15 суткага камакка алынган. Мындан тышкары демилгечи топтун юристи Нурсултан Ермаханов да 25-июндагы митингге катышканы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылган.

"Административдик укук бузуулар тууралуу" кодекске ылайык, адам административдик тартипти бузгандан эки ай өткөндөн кийин жазага тартылбайт. Тактап айтканда, анын мөөнөтү 25-августта эле аяктаган. Бирок буга карабастан Ермаханов кармалып, административдик жоопкерчиликке тартылды", — деди Альтаев.

XS
SM
MD
LG