Ссылки доступа

Казакстанда сот мунайсервис компаниясынын жумушчуларынын иш таштоосун мыйзамсыз деп тапты


Казакстандын Мангистау облусундагы Каракыя райондук соту West Oil Software мунайсервис компаниясынын жумушчуларынын иш таштоосун мыйзамсыз деп тапты. Бул тууралуу 7-сентябрда облустук соттон билдиришти.

"Иш таштоо Эмгек кодексинин талаптарын жана талашты сотко чейин кароо тартибин бузуу менен өтүп жаткандыктан, жумуш берүүчүнүн өтүнүчү канаттандырылды", — деп билдиришти соттон.

Азырынча бул чечим мыйзамдуу күчүнө кире элек.

Маалыматка караганда, ишке чыгуудан баш тарткан жумушчулар буга чейин жумуш берүүчүгө кат жазып, жарашуу комиссиясын түзүүнү жана жамааттык келишимге кол коюуну талап кылышкан.

"Мындай комиссия июнда түзүлгөн. Бирок жумушчулардын өкүлү алардын атынан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө ыйгарым укуктары бар экенин ырастаган документтерди көрсөтө албагандыгына, ошондой эле Эмгек кодексинде белгиленген кворумдун жоктугуна байланыштуу жумушчулардын талаптары канааттандырылган жок. Талашты жарашуу комиссиясы чечкен эмес жана ал эмгек арбитражында каралган эмес", — деп жазылган соттун билдирүүсүндө.

Мангистау облусунун Жетыбай кениндеги West Oil Software компаниясынын жүздөгөн жумушчусу августтун аягында ишке чыгуудан баш тарткан. Алар айлыктарды жогорулатууну, эмгек шарттарын жакшыртууну жана көз карандысыз кесиптик кошуундун ишине мүмкүндүк берүүнү талап кылышкан.

Иш таштаган жумушчулар менен жергиликтүү прокуратуранын, эмгек инспекциясынын жана жумуш берүүчү компаниянын өкүлдөрү жолугушкан. Бирок тараптар мунасага келе алышкан эмес.

Бүгүнкү күндө жумушчулардын иш таштоосу токтогон-токтобогону белгисиз. "Азаттыктын" казак кызматы бул боюнча маалымат алуу үчүн West Oil Software компаниясынын жумушчулары менен байланыша алган эмес.

West Oil Software "Мангистаумунайгаз" менен энчилеш Oil Transport Corporation компаниясына транспорттук кызматтарды көрсөтөт. Мындан тышкары Жетибай кениндеги скважиналарды тазалайт.

Быйыл жайында Мангистау облусунда, анын ичинде Жаңы-Өзөндө мунайчылар көп жолу иш таштады. Жумушчулардын көбүнүн талаптары жарым-жартылай канааттандырылган.

Видео

Видео

Тактазан жайлоосунан кен казуу каршылык жаратты
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:19 0:00
XS
SM
MD
LG