"5-сентябрга чейин адамдар Өзбекстанга өзбек визасы менен өткөрүлүп жаткан. Бирок өткөн түнү талибдер чек ара бекетине биометрикалык жабдууларды орнотушту. Азыр ал жерде мурдагы өкмөттө иштеген коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрү турат. Аларда мурдагы өкмөт түзгөн тизмелер бар. Анда кылмыш кылгандардын, өлкөдөн чыгууга тыюу салынгандардын жана чет өлкөлүктөр менен иштешкендердин аты-жөнү жазылган. "Талибан" ал тизмелерден өзбек визасы бар адамдарды да чыгарбай жатат", - деп билдирди булак.
Анын айтымында, Ооганстандан Өзбекстанга өтүп жаткандардын негизги бөлүгүн ишкерлер түзөт — алар эки өлкөнүн соодагерлери жана алардын жүктөрү.
Бул маалыматты Ооганстан менен чектешкен Сурхандарыя облусундагы өз булак да ырастады. Анын айтымында, августта талибдер Ооганстандын аймактарын басып ала баштаганда товар ташыган көптөгөн поезддер өзбек тарапта токтоп калган.
"400гө жакын вагонго кумшекер, ун, күрүч жана май сыяктуу азык-түлүктөр жүктөлгөн. Азыр алардын 300үн өткөрдүк", — деди ал.
Талибдер Кабулду өз көзөмөлүнө алгандан бери алгачкы жолу Ооганстан менен Өзбекстан эки тараптуу мамилелерди, өзгөчө соода мамилелерин калыбына келтирүүгө даяр экендигинин белгилери пайда боло баштады.
Өткөн жумада Өзбекстан Сенатынын төрага орун басары Содик Сафаев аймактагы эки тараптуу долбоорлор боюнча Кабулдагы мурдагы өкмөт менен жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу зарыл экенин айткан.
1-сентябрда өзбекстандык жүк ташуучу эки поезд Ооганстанга барганы кабарланган. Бул Кабулдагы бийлик талибдердин колуна өткөндөн кийинки өзбек тараптан Ооганстанга келген алгачкы коммерциялык жүк болуп калды.
Өткөн жумада "Талибан" кыймылы Өзбекстандын Эгемендик күнүнө карата жөнөткөн куттуктоосунда Ташкентти "өнөктөш" деп атап, өзбек тарап сунуштаган аймактык долбоорлорду колдоого даяр экенин билдирген.