Ссылки доступа

Мирзиёевге "улут көсөмү" макамын берүү сунушталды


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев

Өзбекстанда эки депутат президент Шавкат Мирзиёевге "улут көсөмү" наамын берүүнү сунуштады.

Алгач мындай демилгени Өзбекстан Сенатынын мүчөсү Кудратилла Рафиков көтөрүп чыккан. Бул тууралуу ал 19-августта Мирзиёевдин улут алдында сиңирген эмгегин мактаган макаласында жазган.

Бир нече күндөн кийин парламенттин дагы бир палатасынын депутаты Акмал Саидовдун макаласы жарыяланып, анда Мирзиёев "улут көсөмү" деп аталган.

Буга чейин мындай кошоматчылык жакпай турганын айткан Мирзиёевдин бул боюнча позициясы азырынча белгисиз.

Мирзиёевге макам ыйгаруу сунушу анын 24-октябрда өтө турган президенттик шайлоого талапкерлигин коё турганы жарыяланган учурга туш келди.

Быйылкы шайлоодо да адаттагыдай эле талапкерлердин ортосунда чыныгы атаандаштык болбойт жана батыш байкоочулары келбейт деп күтүлүүдө. Талдоочулардын көпчүлүгү бул жараянды Мирзиёевдин башкаруусун дагы беш жылга узартуу үчүн жасалып жаткан формалдуулук катары кабыл алышууда.

Эгер Мирзиёевге "улут көсөмү" макамы берилсе, ал Борбор Азияда мындай наамы бар төртүнчү мамлекет башчы болуп калат.

Президент Ислам Каримовдун учурунда 13 жыл өкмөттү жетектеген Шавкат Мирзиёев ал каза болгондон кийин президенттин милдетин аткаруучу болуп дайындалып, 2016-жылы президент болуп шайланган.

XS
SM
MD
LG