Ссылки доступа

Ашхабаддын тургундарына арзандатылган азык-түлүк эми айына бир жолудан гана келерин эскертишти


Азык-түлүк дүкөнүнүн алдындагы кезек. Ашхабад шаары

Ашхабадда 20 күндүк тыныгуудан кийин бир катар райондордун тургундарына арзандатылган азык-түлүктүн айрым түрлөрү жеткирилди. Ошол эле маалда бийлик буга чейин 10 күн сайын жеткирилип турган субсидияланган азык-түлүк эми кийинки айда гана келээрин эскертти.

"Азаттыктын" түркмөн кызматынын маалыматына караганда, 6-сентябрда Ашхабаддын төрт районундагы тургундарга үй-бүлө мүчөлөрүнүн санына карабастан, 1 литрден өсүмдүк майы, 1 килограммдан кумшекер жана бирден тоңдурулган тооктун эти берилди.

"Базар баасы 163 манатты түзгөн бул азык-түлүк үчүн жашоочулар 65 манаттан төлөштү. Тооктун эти тоңдурулаардын алдында сууга толтурулганы көрүнүп турду. Ар бир тооктун болжол менен 250 граммы муз экен", — деди аты-жөнүн билдиргиси келбеген шаар тургундарынын бири.

Мамлекеттик дүкөндөрдүн жумушчулары тургундарга "сентябрдан тартып арзандатылган азык-түлүк айына бир гана жолудан бөлүштүрүлөрүн" эскертип, кийинкиси 6-октябрдан эрте келбей турганын билдиришти.

Ашхабаддын бийлиги азык-түлүк үчүн дүкөндөрдүн алдындагы узун кезектерди жашыруу максатында май айынан тартып арзандатылган азыктарды жумасына бир жолудан кичи райондорго жеткирип бере баштаган. Көп өтпөй анын мөөнөтү узарып, арзандатылган азык-түлүк айына үч жолудан — он күн сайын келе баштаган.

Түркмөнстан төрт жылдан бери жумушсуздук, азык-түлүк тартыштыгы жана баалардын жогорулашы менен коштолгон экономикалык кыйынчылыктарды башынан кечирүүдө. Мындан улам өлкө калкынын көбү азык-түлүктү кыйла арзан баада сатылган мамлекеттик дүкөндөрдөн алууга аргасыз болуп келишет.

Видео

Видео

Кыргызчаны оңой үйрөткөн мугалим
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:07 0:00
XS
SM
MD
LG