Министрликтин кабарлашынча, бул өзгөрүүлөр бензин жана газдын баасынын жогорулашы менен байланыштуу.
Натыйжада Душанбеден Кулябга чейинки жол кире мурда 40-50 сомони болсо, азыр 60-70 сомони (5-6 доллар) болду. Душанбеден Раштка чейин 50-60 сомониден 100 сомониге чейин кымбаттады.
Өткөн аптада шаар ичинде такси кызматын көрсөткөн бир нече компания жол кире акысын көтөргөн. Мурда таксилер алгачкы үч чакырым үчүн 10 сомони, андан соң ар бир чакырым үчүн 2,5 сомони алса, азыр жүргүнчүлөр алгачкы эки чакырым үчүн 10 сомони, андан кийинки ар бир чакырым үчүн 3 сомониден төлөшөт.
Тажикстан суюлтулган газ менен бензиндин 90% Казакстандан сатып алат. Монополияга каршы кызмат күйүүчү майдын баасы дүйнө жүзү боюнча кымбаттап жатканын билдирген. Эксперттер болсо өлкөдө монополист компаниялар баа саясатына терс таасирин тийгизип жатканын айтып келишет.