Ссылки доступа

Тажикстанда диний ишмер Мавлави Язгуломинин иши сотко жөнөтүлдү


Хорог прокуратурасы Мавлави Абдулло Язгуломи аты менен белгилүү диний ишмер Абдуллобек Кувватбековго карата козголгон кылмыш ишин сотко жөнөттү.

Ал ЖМК же Интернет аркылуу экстремисттик ишмердүүлүккө ачык чакырууга айыпталууда. Диний ишмердин күнөөсү аныкталса, 5тен 10 жылга чейин түрмөгө камалышы мүмкүн.

Диний ишмердин агасы Кувватбеки Кувватбек, Хорог соту 13-сентябрда боло турган жараяна үй-бүлөнүн төрт мүчөсү катыша аларын кабарлаганын айтты.

Мавлави Абдулло Язгуломини 18-июнда укук коргоо кызматкерлери кармап кеткен. Анда анын үйүндө тинтүү жүрүп, диний китептер менен 80 миң доллар алынган. Туугандары ал бул акчаны адал эмгеги менен тапканын билдиришүүдө. Жакында ал Ванждан Душанбеге үч жүк ташуучу унаа менен алма алып келип саткан. Ал акчага Душанбеден үй сатып алууну пландаган.

Мавлави Абдуллои Язгуломи соцтармактар аркылуу динге жана улуттук биримдикке үгүттөгөн роликтерди чыгарып келген. Дал ушул видеолор анын кармалышына себеп болгону айтылууда

XS
SM
MD
LG