Ссылки доступа

Токаев: Ооганстандагы казак диаспорасынын өкүлдөрүн көчүрүп келүү маселеси каралууда


Бул тууралуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 8-сентябрда чет өлкөлөрдүн элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алып жатып билдирди.

— Казакстан учурдагы маселелерди чечүү үчүн чет өлкөлүк өнөктөштөрү менен бирге иштерди жүргүзүп жатат. Биринчи кезекте Ооганстандан мекендештерибизди эвакуациялоо иштерин уюштурдук. Азыр бул өлкөдө жашаган казактарды — кандаштарды алып келүү мүмкүндүгүн караштырып жатабыз. Гуманитардык абалды эске алып, ооганстандык 57 студенттин окуу визасын узартып бердик. Мындан тышкары чет өлкөлүк жарандарды чыгарып кетип жаткан учактар үчүн коридор түзүп берип, биздин аэропорттордо күйүүчү май куюп алуусуна мүмкүнчүлүк түзүп бердик. Алматы шаары БУУнун Ооганстан боюнча агенттиги убакылуу жайгаша турган жер катары тандалды, — деди Токаев.

Талибдер Ооганстанда бийликти басып алгандан кийин өлкөнүн түрдүү аймактарындагы тургундар улуту казак экенин айтып, Казакстанга чыгарып кетүү өтүнүчү менен Нур-Султанга кайрылышкан. Апта башында Кабулда өздөрүн оогандык казактар деп тааныштырган адамдардын тобу Казакстандын консулдугуна кире албай жатышканын айтып чыгышкан.

Буга чейин Казакстандын Тышкы иштер министрлиги ооган казактарын тарыхый мекенине көчүрүп келүү тууралуу кайрылуулар караларын, бирок маселе тез чечилбей турганын билдирген. Мекеменин маалыматына караганда, Ооганстанда 200гө жакын кишиден турган 15 чакты казак үй-бүлөсү жашайт. Бирок Ооганстандагы диаспора өкүлдөрү өлкөдө казактар кыйла көп экенин билдиришүүдө.

Видео

Видео

Кыргызчаны оңой үйрөткөн мугалим
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:07 0:00
XS
SM
MD
LG