Ссылки доступа

Өзбекстанда жапырт уулануу катталган бала бакчага тамак-аш жеткирген фирманын ээси акимдин уулу экени аныкталды


Ташкент облусунун Аккурган районунда 30 тарбиялануучу ууланып, бири көз жумган бала бакчага азык-түлүк ташыган фирманын ээси район башчысынын уулу экени белгилүү болду.

"Азаттыктын" өзбек кызматы жарыялаган иликтөөгө ылайык, бала бакчаларды азык-түлүк менен камсыздоо боюнча май айында өткөн тендерде SHARK MILK PRODUCT жоопкерчилиги чектелген коому жеңүүчү болгон.

Мамлекеттик сатып алуулар сайтындагы маалыматтарга караганда, бул фирманын уставдык капиталынын 100 пайызы Аккурган районунун акими Фарход Омоновдун уулу Омонов Фазлиддинге таандык.

Май айынан бери аталган фирма райондогу бала бакчаларга сүт, каймак, быштак жеткирип турган. Компаниядан жалпысынан 46,7 миң долларга сүт азыктары сатылып алынган.

Аккурган районунун акимчилигинин маалымат катчысы Батыр Бойбутаев аткаминердин уулу бала бакчаларга азык-түлүк ташый турганын четке какты.

– Ал Ташкентте жашайт, ишкерлик менен алектенет. Ал бала бакчаларга азык-түлүк жеткирбейт, муну мен даана билем, – деди Батыр Бойбутаев.

SHARK MILK PRODUCT жоокерчилиги чектелген коомунун кеңсеси Ташкент шаарында жайгашкан.

Бул арада Мектепке чейинки билим берүү министрлиги SHARK MILK PRODUCT фирмасы азыркыга чейин аталган районго сүт азыктарын жеткирүү боюнча кызмат көрсөтүп жатканын тастыктады.

12-августта Аккурган районундагы бала бакчалардын биринде тарбиялануучулар жапырт ууланганы тууралуу маалымат тараган.

Башында 25 бала ууланганы расмий түрдө тастыкталып, 13-августта дагы беш бала ооруканага жаткырылганы белгилүү болгон. Бир бала чарчап калган. Ооруканага жактырылган балдарга "ботулизм" диагнозу коюлган.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы балдардын ууланышы боюнча кылмыш ишин козгогон.

Видео

Видео

Туристтерди капа кылган кыргыз милициясы
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:06:43 0:00
XS
SM
MD
LG