Ссылки доступа

Түркмөнстанда окуучулар "коопсуздук стикери" үчүн акча чогултуп жатышат


Ашхабаддагы мектептерде социалдык аралыкты сактоону эскертүүчү "коопсуздук стикерлерин" сатып алуу үчүн акча чогултулууда. Бул тууралуу "Азаттыктын" түркмөн кызматы кабарлады.

Класстарда окуучулар социалдык аралыкты сактоо менен отургузулууда. Бул талапты аткаруу үчүн парталарга эскертүү белгиси бар стикерлер чапталган. Бул үчүн окуучулар 5 манаттан (1,5 доллар) чогултуп жатышат.

Басылма белгилегендей, каражат президенттин сүрөтү үчүн жыл сайын чогултулучу төлөм менен кошо алынууда. Мектеп класстарында Гурбангулы Бердымухамедовдун сүрөтүн алмаштыруу үчүн ар бир окуучу 50 манат (14 доллар) төлөйт.

COVID-19 пандемиясына байланыштуу бийлик бир нече жолу калктан дезинфекциялык каражаттар, адырашман жана кызыл мыянын тамыры үчүн акча чогултуп алган. Өлкө президенти булардын коронавируска каршы дарылык касиети бар деп эсептейт.

Былтыр март айында пандемия башталганы Түркмөнстанда ооруканалар бейтаптарга толуп, окуу жайларда окуу токтогонуна карабай, түркмөн бийлиги өлкөдө COVID-19 жок экенин билдирип келет.

Түркмөнстанда коронавирус менен ооругандардын жана көз жумгандардын саны быйыл июнда өсө баштаган. Ошондон бери башкалаа Ашхабад, Лебап жана Мары шаарларында бир катар ооруканалар, атүгүл бүтүндөй айыл-кыштактар, аймактар карантинге жабылган. Мындан улам түркмөн бийлиги кайрадан чектөөлөрдү жана калкка милдеттүү түрдө эмдөөнү киргизди.

XS
SM
MD
LG