Ссылки доступа

Тажикстан ТИМи: Панжшерге чабуул коюуда талибдерге үчүнчү өлкөлөр жардам берүүдө


Сирожиддин Мухриддин
Сирожиддин Мухриддин

Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин 8-сентябрда Ооганстандагы кырдаалга арналган виртуалдык жолугушууга катышып, "Талибан" кыймылынын Панжшер провинциясындагы аракеттерин сынга алды.

АКШ жана Германиянын демилгеси менен уюштурулган бул жолугушууга бир катар өлкөлөрдүн, анын ичинде Тажикстандын, Пакистандын, Сауд Арабиясынын, Түркиянын, Улуу Британиянын тышкы иштер министрлери, ошондой эле ЕБдин, НАТОнун жана БУУнун жетекчилери катышты.

Панжшерде уланып жаткан согуштук аракеттер тууралуу айткан Мухриддин провинцияга чабуул жасоодо талибдер үчүнчү өлкөлөрдүн жардамы менен авиация колдонуп, көптөгөн тажиктерди өлтүргөнүн белгиледи. Бирок министр талибдерге кайсы өлкөлөр жардам бергенин так айткан жок.

Буга чейин индиялык басылмалар Пакистандын согуштук учактары талибдердин Панжшердеги чабуулу маалында Улуттук каршылык көрсөтүү фронтунун позицияларына сокку урганын кабарлашкан. Андан соң Ооганстандын көптөгөн шаарларында антипакистандык нааразылык акциялар өткөн.

Өз кезегинде Пакистан армиясынын өкүлү өлкөнүн учактары Панжшерге чабуул койгону тууралуу маалыматтарды четке кагууда.

Тажик ТИМинин башчысы эл аралык коомчулукту талибдерге басым кылып, өлкөдөгү каатчылыктын саясий чечимин табууга жардам берүүгө чакырды.

"Дүйнө коомчулугу 20 жылдан бери Ооганстанда тартипти орното албай, "мураска" он миңдеген террорчуну калтырып кетти" — деди ал.

Августтун ортосунда талибдер дээрлик эч кандай каршылыксыз эле өлкөнүн баш калаасы Кабул шаарын ээлеп алган. Ага чейин "Талибан" өлкө бийлиги менен коалициялык өкмөт түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген.

Бийликти басып алгандан кийин кыймылдын өкүлдөрү коалиция түзүүгө муктаж эмес экенин жарыялап, өкмөттү өз алдынча түзө тургандыктарын билдиришкен.

Ооганстанда бийликти басып алган "Талибан" кыймылы 7-сентябрда жаңы өкмөттүн курамын жарыялаган. Мамлекеттин башына 60 жаштагы радикалдуу кыймылдын жетекчиси Хайбатулла Ахунзада отурду.

Азырынча бир да өлкө расмий түрдө "Талибандын" өкмөтүн тааный элек. Бирок айрым өлкөлөр, анын ичинде Өзбекстан жаңы өкмөттүн түзүлгөнүн кубатташты.

"Бул чечим мамлекетте тынчтык жана бейпилдик орнотуу жаатындагы алгачкы кадам болоруна үмүт артабыз. Ооганстандын жаңы мамлекеттик мекемелери менен конструктивдик алака жана өз ара карым-катышты өркүндөтүүгө даяр экенибизди билдиребиз", - деп жазылган өзбек ТИМинин расмий сайтына жарыяланган билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG