Ссылки доступа

HRW: казак бийлиги Шинжаңдагы абалды изилдеген Буниндин өлкөгө киришине уруксат бериши керек


Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Казакстандын бийлигин Шинжаңдагы "саясий тарбия берүүчү лагерлердин" курмандыктары жөнүндө маалымат топтоп жүргөн изилдөөчү Евгений Буниндин өлкөгө кирүүсүнө уруксат берүүгө чакырды.

Орус тектүү 36 жаштагы изилдөөчү бир ай Бишкекте тургандан кийин 4-сентябрда Алматыга учуп барганда өлкөгө киргизилген эмес.

"Буниндин өлкөгө кирүүсүнө тыюу салуу — Кытайдын Шинжаңда уланып жаткан репрессияларына карата Казакстандын реакция кылуусундагы жаңы минимум. Казак өкмөтү бул тыюуну алып, Бунинге маанилүү изилдөөлөрүн, анын ичинде Шинжаңдан качып келген казактардын жана алардын Кытайда калган жакындарынын абалы боюнча изилдөөлөрүн аягына чыгарууга мүмкүндүк бериши керек», — деди уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон.

Башкы кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан укук коргоо уюмунун макаласында "Казакстандын Кытай менен тыгыз экономикалык байланыштары бар экени" белгиленип, мындан улам Нур-Султан коңшу өлкө менен жакшы мамилесин сактап калуу үчүн буга чейин да "адам укуктарын курмандыкка чалууга" даяр экенин көрсөткөнү жазылган.

"Алсак, буга чейин шинжаңдык казактардын укуктарын коргоп жүргөн активист Серикжан Билаш Казакстанда куугунтукка кабылып, өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Мындан тышкары Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдында мөөнөтсүз пикеттерге чыгып жүргөн жарандар кармалып, административдик жазаларга тартылган", — деп жазылган макалада.

Евгений Бунин өткөн жумада Казакстандын аймагына кире алган эмес. Акыркы төрт жылдан бери Алматыда жашап жүргөн изилдөөчү 4-сентябрда Бишкектен Казакстанга учуп барган. Бирок Алматы аэропортунда чек арачылар анын өлкөгө кирүүсүнө беш жылга тыюу салынганын билдиришкен. Азырынча Казакстандын бийлиги бул боюнча эч кандай комментарий бере элек.

Кытайдын Шинжаң уйгур автоном районунда уйгур, казак жана кыргыздар баштаган мусулман жамааттарынын жүз миңдеген өкүлдөрү "саясий тарбия берүүчү лагерлер" деп аталган жайларга негизсиз камалып жатканы бир нече жылдан бери кабарланып келет.

Буга чейин АКШнын өкмөтү, Британия, Нидерланд жана Канада өлкөлөрүнүн парламенттери Кытайдын аракеттерин геноцид деп таанып, санкцияларды киргизген.

Бээжин Шинжаңдын тургундары диний же саясий көз карашы үчүн куугунтукталып жатканын четке кагып, алар кармалган лагерлерди кесипке үйрөтүүчү борборлор катары мүнөздөп келет.

XS
SM
MD
LG