Ссылки доступа

Түркмөнстанда мугалимдер менен жогорку класстардын окуучулары пахта терүүгө мажбурланууда


Түркмөнстандагы пахта талаасы (иллюстрациялык сүрөт)

Түркмөнстандын Балкан облусунда мугалимдер менен жогорку класстардын окуучулары пахта теримге чыгууга мажбурланууда. Бул тууралуу "Азаттыктын" түркмөн кызматынын аймактагы кабарчысы билдирди.

Анын айтымында, Берекет жана Сердар райондорундагы бардык орто мектептердин кызматкерлери жана жогорку класстардын окуучулары пахта талааларына мажбурлап жөнөтүлүүдө.

"Бул билим берүү сапатына терс таасирин тийгизип жатат. Мындан тышкары азыр аймакта коронавирустан каза болгондор көбөйүүдө. Бирок бул жогорку жактагы жетекчилерди ойлондурбайт. Аларга пахта терилсе эле болду", — деди Балкан районунун тургуну.

Маалыматка караганда, 8-сентябрда аймактын ичинде каттаган автобустар токтотулуп, окуучулар менен мугалимдерди пахта талааларына ташуу үчүн колдонулган.

Быйыл Түркмөнстандын бардык аймактарында пахта терүү өнөктүгү адаттагыдан эрте башталды. Мамлекеттик басылмалар муну жакшы аба ырайы менен түшүндүрүп жатышат.

Август айында Мары облусунда бюджетте иштеген кызматкерлер, Лебап облусунда мектеп окуучулары мажбурлап пахта талааларына жөнөтүлүп жатканы кабарланган.

Августтун аягында түркмөн бийлиги пахта теримге алимент төлөбөй жүргөн жарандарды да мажбурлап жөнөтүп жатканы белгилүү болгон.

Видео

Видео

Кыргызчаны оңой үйрөткөн мугалим
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:07 0:00
XS
SM
MD
LG