Ссылки доступа

Өзбекстандын Либерал-демократиялык партиясы Шавкат Мирзиёевди президенттикке талапкер кылып бекитти


Өзбекстандын Либерал-демократиялык партиясы президент Шавкат Мирзиёевди 24-октябрда өтө турган президенттик шайлоого талапкер кылып бекитти. Мирзиёев мындай сунушту өкмөтчүл партиянын 9-сентябрда өткөн курултайында кабыл алды.

Ал эгер экинчи мөөнөткө шайланып калса, келечекте бир катар социалдык, экономикалык жана саясий реформаларды жүргүзөрүн айтты. Ар бир үйгө жогорку ылдамдыктагы интернет киргизүүнү, ички дүң жыйымдын киши башына үлүшүн 1700 доллардан 4 миң долларга чейин чыгарууну, журналисттерди коргоого алууну убада кылды.

Бир катар укук коргоо уюмдары жана активисттер Мирзиёев 2016-жылы бийликке келгенден бери Өзбекстанда терең реформаларды ишке ашыра албаганын белгилеп келишет.

Мирзиёев өзүнөн башка дагы төрт киши катыша турган президенттик шайлоону оңой эле жеңип чыгары күтүлүүдө. Ага чейин өлкөнү узак жылдар бою башкарган Ислам Каримов да Өзбекстандын Либерал-демократиялык партиясын кайра-кайра президенттик шайлоого катышуу үчүн колдонуп келгени белгилүү.

Каримовдун ордун баскан президент өзүн реформачыл саясатчы катары көрсөтүүгө аракет кылып, саясий туткундарды бошоткон жана өлкөнүн тышкы дүйнөгө ачылышына көмөктөшкөн. Оппоненттери анын көп тармакта жылыш жасай албаганын айтып келишет.

Мирзиёев Өзбекстанда оппозициянын болушуна каршы эмес экенин билдирген. Бирок октябрда өтө турган президенттик шайлоого бир катар көз карандысыз талапкерлер каттала алышкан жок.

Видео

Видео

Кыргызчаны оңой үйрөткөн мугалим
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:07 0:00
XS
SM
MD
LG