Ссылки доступа

Өзбекстанда мектеп директорлору бүтүрүүчүлөрдү чет өлкөлүк окуу жайларга тапшыртууга милдеттендирилди


Өзбекстандын Навои облусунун мектеп директорлору быйыл жергиликтүү жогорку окуу жайларга тапшыра албай калган бүтүрүүчүлөрдү чет өлкөлүк ЖОЖдорго өткөрүүгө мажбурланууда.

"Азаттыктын" өзбек кызматына кайрылган директорлор тобу кысымды райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилери көрсөтүп жатканын айтышты.

– Кечээ чукул жыйын өттү. Райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилиги бул балдарды чет өлкөлүк ЖОЖдорго тапшыртууга биз милдеттүү экенибизди айтты. Директорлорго мындай шарт коюу канчалык мыйзамдуу экенин билгибиз келет, – деди атын атагысы келбеген мектеп директорлорунун бири.

Маалыматка караганда, чет өлкөлүк окуу жайларга тапшырууга кете турган чыгымды директорлор өз чөнтөгүнөн төлөп бериши керектиги, болбосо кызматтан алынары да айтылган.

Нуратин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Мухиддин Жуманиязов директорлордун сөзүн четке какты.

"Биз эч качан директорлорго мындай талап койгон эмеспиз жана койбойбуз", – деди аткаминер.

Ошол эле маалда Мухиддин Жуманиязов бүтүрүүчүлөрдүн басымдуу бөлүгү жогорку окуу жайларына өтпөгөн мектептердин директорлору иштен алынарын тастыктады.

Быйыл Өзбекстанда мектептерди 438 миң бүтүрүүчү аяктады.

Расмий маалыматтар боюнча акыркы беш жылда Өзбекстанда 64 жаңы жогорку окуу жайы пайда болуп, жалпы ЖОЖдордун саны 141ге жетти.

Буга чейин президент Шавкат Мирзиёев өлкөдө жогорку билимдүүлөрдүн санын 50 пайызга чейин көтөрүү керектигин айткан.

XS
SM
MD
LG