Ссылки доступа

Талибдер Etilaatе Roz басылмасынын журналисттерин катуу сабашты


"Талибан" радикал кыймылынын жоочулары Кабулда аялдардын нааразылык акциясын чагылдырып жүргөн Etilaatе Roz гезитинин эки журналистин сабап ташташты. Бул тууралуу Reuters агенттиги аталган басылманын башкы редакторуна шилтеме кылып билдирди.

Жоочулар журналисттер Немата Накди менен Таки Дариабини репортаж жасап жүргөндө кармап алып, камчы менен сабашкан.

Etilaatе Roz гезитинин негиздөөчүсү жана башкы редактору Заки Дариаби сабалган эки журналистинин сүрөттөрүн соцтармактарга жарыялады. Анда кабарчылардын биринин белинен жана бутунан, экинчисинин ийнинен жана колунан камчынын тактарын көрүүгө болот.

"Беш кесиптешибиз кармоо борборунда төрт саат болуп, бул аралыкта алардын экөө катуу сабылып, кыйноого тушуккан", - деп жазды редактор.

Жабырлануучулар ооруканага жеткирилди.

Өткөн айда талибдер Ооганстандын батышында Deutsche Welle басылмасынын журналистинин туугандарынын бирин өлтүрүп, экинчисин катуу жарадар кылышкан. Медиакомпаниянын башчысы жоочулар журналисттин өзүн издешкенин, ал ошол учурда Германияда жүргөнүн кабарлаган.

Талибдер 7-сентябрда ЖМКларга Ооганстандагы каршылык акцияларын чагылдырууга тыюу саларын жарыялаган. Кыймылдын өкүлү Забихулла Мужахид журналисттерди митингдерден оолак болууга үндөгөн.

"Бул акциялар мыйзамсыз, ЖМКлар аларды тартпашы керек. Журналисттерди каршылык акцияларына барбоого чакырабыз", - деген ал.

XS
SM
MD
LG