Ссылки доступа

Душанбеде жаңы төрөлгөн ымыркайга Ооганстан баатырынын урматына Масуд ысымы ыйгарылды


Ахмад Шах Масуд
Ахмад Шах Масуд

Душанбеде Ооганстандын баатыры Ахмад Шах Масуд жана анын уулунун урматына жаңы төрөлгөн балага Масуд деген ысым ыйгарылды.

"Панжшер арстаны" аталаган Ахмад Шах Масуд советтик жоокерлер жана талибдер менен салгылашкан. Ал 2001-жылы 9-сентябра "Аль-Каида" уюштурган кол салуу учурунда өлтүрүлгөн.

Кичинекей Масуд Тажикстан Ооганстандагы окуяларга, анын ичинде Панжшер капчыгайында белгилүү талаа командиринин уулу Ахмад Масуддун "Талибан" радикал кыймылына каршы күрөшүнө тыкыр көз салып жаткан маалда жарык дүйнөгө келди.

Мавзуна Хайдарова уулун 7-сентябрда "Истиклол" медициналык борборунда төрөгөн.

"Биз Ооганстанда Ахмад Масуддун тарапташтары жеңишке жетишкенден кийин тынчтык жана бейкуттук орнойт деген үмүт менен уулубузду Масуд деп атадык", - деди Хайдарова.

Бир нече күн мурда талибдер Ооганстандын түндүк-чыгышындагы көбүнесе этникалык тажиктер байырлаган Панжшер аймагына толук көзөмөлүн орнотконун жарыялаган. Бирок Масуддун күчтөрү мындай маалыматты четке каккан.

Буга чейин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жаңы ооган өкмөтүнө Ооганстандагы этникалык тажиктер кошулбай турган болсо, Душанбе андай өкмөттү тааныбай турганын ишарат кылган.

XS
SM
MD
LG