Ссылки доступа

Түркмөнстан темир жолу аркылуу тажик товарларынын транзитине уруксат берди


Ашхабад сентябрдан баштап тажик жана башка өлкөлөрдүн товарларын Түркмөнстан темир жолу аркылуу алып өтүүгө уруксат берди. Бул тууралуу Тажикстандын Транспорт министрлиги билдирди.

Түркмөнстан бийлиги 2018-жылдан бери тажик товарларынын өз аймагынан өтүшүнө уруксат бербей келген. Тажикстан менен Ирандын түркмөн аймагы аркылуу кара жол байланышы Ашхабаддын түшүнүксүз чечиминин айынан токтоп калган. Душанбе Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө чыгуу үчүн азыркыга чейин альтернативдүү эки каттамды колдонот: Товарлар Өзбекстан, Казакстан, андан соң Каспий аркылуу кеме менен Азербайжан, Иран жана Түркияга; Өзбекстан, Казакстан, Орусия, Азербайжан же Грузияга, андан ары Түркияга жөнөтүлөт жана алынып келинет.

Альтернативдүү жол Түркмөнстан аймагы аркылуу өтө турган маршруттан 2-3 эсеге узун, ага жараша чыгымдары да көп.

Маалыматка караганда, Ашхабад темир жол товарларынын транзити үчүн Душанбеге 40 пайыздык жеңилдик да берди.

Видео

Видео

XS
SM
MD
LG