Ссылки доступа

Лондондо Шинжаңдагы куугунтукка байланыштуу угуу башталды


Лондондо Кытайдын Шинжаң аймагында уйгур, казак, кыргыз жана башка түрк тилдүү элдердин куугунтукталышына байланыштуу экинчи угуу башталды. Алгачкы отурум июнь айында өткөн.

Эл аралык басылмаларда “Уйгур трибуналы” деп аталып калган сот жараянында Кытайдын түрк тилдүү мусулмандарды куугунтукташына байланыштуу далилдер иликтенип, Геноцид жөнүндө конвенцияга ылайык, Бээжиндин аракетине баа берилет.

Британиялык адвокат Жеффри Найс төрагалык кылган комиссия үч күн аралыгында саясий лагерлерде болгон күбөлөр менен катар окумуштууларды жана эксперттерди угат.

Британиялык ЖМКлардын билдиришинче, угуунун юридикалык күчү жок, бирок уюштуруучулар бул жараян Кытайдын түрк тилдүү мусулмандарга каршы куугунутук саясатына баа берет деп үмүттөнүшөт.

Кытай бийлиги буга чейин аталган угууну кескин сындаган. Sky News кабарлагандай, экинчи угууну алдында Кытайдын Улуу Британиядагы элчиси Чжэн Чжэгуань бул жараянды Бээжинди дискредитациялоого багытталган “саясий манипуляция” деп атаган.

Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда уйгур, казак жана кыргыздар баштаган мусулман жамааттарынын жүз миңдеген өкүлдөрү "саясий тарбия берүүчү лагерлер" деп аталган жайларга негизсиз камалып жатканы бир нече жылдан бери кабарланып келет.

Буга чейин АКШнын өкмөтү, Британия, Нидерланд, Канаданын парламенттери Кытайдын аракеттерин геноцид деп таанып, санкцияларды киргизген.

Бээжин Шинжаңдын тургундары диний же саясий көз карашы үчүн куугунтукталып жатканын четке кагып, алар кармалган лагерлерди кесипке үйрөтүүчү борборлор катары мүнөздөп келатат.

Видео

Видео

Тактазан жайлоосунан кен казуу каршылык жаратты
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:19 0:00
XS
SM
MD
LG