Ссылки доступа

Орусияда L-410 учагы кыйрады, курмандыктар бар


L-410 үлгүсүндөгү эки моторлуу жүргүнчү учагы Ируктск облусунда авариялык жагдайда конгон. Бортто 14 жүргүнчү жана экипаждын эки мүчөсү болгон. Үч жолоочу жана бир учкуч мерт кетти.

"РИА Новости" агенттигинин кабарлашынча, учак тайгада кырсыкка учураган. Бир жүргүнчү жакындарына кабарлоого үлгүргөн.

ТАСС билдиргендей, өзгөчө кырдаалдар кызматы учак туман учурунда жерге конгон учурда учкуч ката кетирген же кыймылдаткыч иштен чыккан деген божомолдорду айтууда.

2021-жылдан бери Орусияда жеңил моторлуу учактар кыйраган ондогон учур катталды.

Let L 410 Turbolet —жергиликтүү аба жолдорго арналган, көп максатта колдонула турган эки моторлуу учак. Чехиянын Let Kunovice (азыркы аталышы - Aircraft Industries) заводунда жасалып чыккан. 1500 чакырымга чейин 19 жүргүнчүнү же 1800 килограмм жүктү ташууга кудуреттүү.

2018-жылдан бери Орусия да L 410 учагын кураштырып баштаган.

XS
SM
MD
LG