Ссылки доступа

УКМК киберкоопсуздукту бекемдөө үчүн Кореядан грант алат


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Эл аралык кызматташтык боюнча корей агенттигинен (KOICA) маалымат коопсуздугу борборун (SOC) түзүү үчүн грант алат.

УКМКнын маалымат кызматы билдиргендей, 5 жылдык долбоор өлкөнүн киберкоопсуздугун бекемдөөгө багытталган. Аны ишке ашырууга 5 млн доллар жумшалат.

Долбоордун алкагында SOC борборун түзүү, техника менен жабдуу, программалар менен камсыздоо, мамлекеттик органдардын киберкоопсузугун коргоо боюнча чечимдерди аныктоо жана киши потенциалын өнүктүрүү каралган.

XS
SM
MD
LG