Ссылки доступа

Түркмөнстанда пахта теримге эмгек мигранттары, аракечтер жана сойкулар жөнөтүлүүдө


Түркмөнстандын Балкан облусунда спирт ичимдиктерине көз каранды адамдардын тизмесиндеги эмгек мигранттар, сойкулук кылган аялдар жана алимент боюнча карызы бар жарандар мажбурлап пахта талааларына жөнөтүлүүдө. Бул тууралуу "Азаттык" радиосунун түркмөн кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, алар полиция бөлүмдөрүнө чакырылып, пахта терүү өнөктүгүнө катышууга мажбурланууда. "Полиция муну "түзөтүү иштери" катары сыпаттап, "бул жазанын бир бөлүгү" экенин билдирүүдө", — деди жергиликтүү тургундардын бири.

Август айында Мары облусунда бюджетте иштеген кызматкерлер, Лебап облусунда мугалимдер менен мектеп окуучулары мажбурлап пахта талааларына жөнөтүлүп жатканы кабарланган.

Августтун аягында түркмөн бийлиги пахта теримге алимент төлөбөй жүргөн жарандарды да мажбурлап жөнөтүп жатканы белгилүү болгон.

Эл аралык укук коргоо уюмдары пахта терүүдө жарандарын мажбурлап иштеткени үчүн Түркмөнстанды сындап келишет. Responsible Sourcing Network уюмунун маалыматына ылайык, 2021-жылдын 10-августуна чейин дүйнөлүк 138 бренд эл аралык өнөктүккө кошулуп, товарларды өндүрүүдө түркмөн пахтасын колдонбоо тууралуу милдеттенмелерге кол коюшкан.

Маалыматтарга караганда, Түркмөнстанда быйыл 1 миллион 250 миң тонна пахта жыйноо пландалууда.

Видео

Видео

Бир класста 40 окуучу. Жаңы конуштардын мектеп көгөйү
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:08:22 0:00
XS
SM
MD
LG